Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:44

Парламенттик шайлоодо "Бирдиктүү Орусия" партиясы алдыга чыкты


Орусиядагы парламенттик шайлоо.
Орусиядагы парламенттик шайлоо.

Кремл колдогон башкаруучу "Бирдиктүү Орусия" партиясы 19-сентябрда добуш берүүнү бурмалоо боюнча айыптоолор жана мыйзам бузуу боюнча дооматтар менен коштолгон үч күндүк добуш берүүдөн кийин парламенттик шайлоодо алдыга чыкты.

Бюллетендердин дээрлик 40% саналып бүткөн соң Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) "Бирдиктүү Орусия" Мамлекеттик думага добуштардын 45% бир аз ашыгын алганын билдирди.

Коммунисттик партия 22% тегерегинде жана улутчул Либерал-демократиялык партия 8,5% тегерегинде добуш топтоду. Андан кийинки орунда "Адилеттүү Орусия" жана "Жаңы адамдар" партиялары келатат. Мамлекеттик думага төрт же беш партия өтөт деп болжолдонуп жатат.

Оппозиция лидери Алексей Навальныйдын тарапташтары бийликти шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого айыпташууда. Орусияда Мамлекеттик Думанын жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 17-сентябрда башталган.

XS
SM
MD
LG