Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Беларустан Польшага өтүп бараткан үч мигрант каза болду


Польшанын аскерлери Номики айылынын жанында Польша менен Беларустун чек арасында. 26 -август, 2021-жыл.
Польшанын аскерлери Номики айылынын жанында Польша менен Беларустун чек арасында. 26 -август, 2021-жыл.

19-сентябрда Польшанын Чек ара кызматы Беларустан Польшага мыйзамсыз өтүүгө аракет кылган үч адамдын сөөгү табылганын билдирди. Алардын бирөө сууктан каза болушу мүмкүн экени кабарланды.

Ошол эле күнү чек арадан өтүүгө аракет кылып жатып сазга тыгылып калган дагы сегиз мигрантты Польшанын “Тез жардам” кызматы сактап калды.

Польшанын премьер -министри Матеуш Моравецкий үч кишинин каза болгонун тастыктап бирок алардын өлүмүнө эмне себеп болгонун айткан жок. Анын сөзүнө караганда, өлкөнүн прокуратурасы бул окуя боюнча тергөө иштерин баштады.

Евробиримдикке мүчө Польша менен Литвага Беларустан барган мигранттар көп. Эки өлкө Жакынкы Чыгыштан келген мигранттардын агымын азайтуу үчүн чек арадагы көзөмөлдү күчөтүп, зым менен тосуп жатат. Польша Беларус тараптан сентябрга чейин эле чек арадан мыйзамсыз өтүүгө 3800дөн ашуун аракет токтотулганын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG