Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:19

Туйгунаалы Абдраимов УКМКнын айыптоосуна жооп берди


Туйгунаалы Абдраимов.
Туйгунаалы Абдраимов.

Чүй облусунун мурдагы жетекчиси, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов ага карата коюлуп жаткан “мыйзамсыз баюу” деген айыпка байланыштуу 21-сентябрда билдирүү таратты.

1990-жылдары жер реформасы учурунда алган жер үлүштөрү бар экенин, өмүр бою ишкерлик менен алектенип келгенин айткан Абдраимов 2000-жылдан бери он жыл бизнесте, он жыл мамлекеттик кызматта болгонун, үй, машина же жер сатып алып, кайра сатып жүргөнүн, бирок УКМК ошонун баарын аныкы катары жазып алганын белгилеп, “тарых эч кимди эч нерсеге үйрөтпөй жатат” деген оюн айтты.

Саясатчы “Ошончо мүлкүм бар бекен деп өзүм таң калдым” деп, уулдары кымбат эмес машина айдап, катардагы батирде жашарын, жубайынын бир батири жана Көк-Жар айылында чакан үйү, 1995-жылы сатып алган жери, ал эми өзүндө конок үйү жана мал-жандыгы багылуучу кашары бар экенин айтып, инвестордон алган 400 миң доллар насыяга учурда Ысык-Ата курортунда реабилитациялык борбор куруп жатканын, тийиштүү документтери бар экенин билдирди.

УКМК Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп турганда кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып Бишкек жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк сатып алганын, бир катар коммерциялык банктарга инвестиция салганы аныкталганын 20-сентябрда маалымдаган. Жакындарына 16 батир, 18 жер тилкеси, эки унаа токтотуучу жай, беш турак жай, үч дыйкан чарба, 16 автоунаа, “Ысык-Ата” курортунун аймагында бүтпөгөн курулуш объектилери катталганын билдирген.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, иш “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен каттап, бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган тергөө иш-чараларын жүрүүдө.

Буга байланыштуу Абдраимов 20-сентябрда УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгында сегиз саатка жакын суракта болуп чыккан. (RK)

XS
SM
MD
LG