Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:59

COVID-19: АКШ вакциналар менен мындан ары да бөлүшөт


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

АКШ президенти Жо Байден 22-сентябрда COVID-19 боюнча виртуалдык саммит өткөргөнү жатат. Америкалык лидер вакциналар менен бөлүшүү программасын жарыялайт деп күтүлүүдө.

Бир күн мурда БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөндө Байден Кошмо Штаттар башка өлкөлөрдө колдонулган 160 миллион доза вакцинаны каржылоого 15 миллиард доллар жумшаганын билдирген. Президент пандемияга каршы глобалдык күрөштүн алкагында Вашингтон өзүнө алган дагы бир нече жаңы милдеттенмелерди жарыялайт.

Саммит АКШнын өзүндө COVID-19дун толкуну басаңдабай турган маалда өткөнү жатат. Акыркы бир жумада күнүнө орточо алганда коронавирустун 137 миң учуру, 2 миң 300дөй кишинин өлүмү катталып келди.

Виртуалдык иш-чарага Башкы ассамблеяга чогулган лидерлер катышып, вакциналарды тегиз бөлүштүрүү маселесин талкуулоо үчүн Чоң Жетинин чукул жыйынын өткөрүп өткөрбөөнү да караштырмакчы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG