Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Депутаттарды суракка алуунун мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрүлдү (видео)


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

«Маданият ишмерлеринин президентке кайрылуусу» деп интернетте тараган кат боюнча Жогорку Кеңештин депутаттары суракка чакырылышынын мыйзамдуулугу тууралуу маселе 22-сентябрда парламенттин жыйынында көтөрүлдү. Депутат Рыскелди Момбеков Башкы прокурор Курманкул Зулушевге кайрылып, жакында ишке кирген маалыматты бурмалоо тууралуу мыйзамга карабастан сурак уюштурулганын айтты:

“Бир ырчы “кара тоголок кат” менен кайрылды эле, биздин төрт депутатты Ички иштер министрлиги (ИИМ) суракка алды. Автор өзү “Бул фейк, тигилерге окуткан эмесмин, кол койгон эмес. Президенттик аппарат оңдоп коюптур, меники эмес” деп айтып жатат. Жок маалымат болуп турса да депутаттарды суракка алышты. Манипуляция болгонун автор айтып жатса иликтеп жатышат”.

Башкы прокурор Зулушев депутатка “Биз мыйзамдуулугун карап турабыз. Тактадык. Бирок фейк деп айта албайбыз, себеби арызда колу турат. Ал эми жасалмалап койгону боюнча биз териштирип, маалымат беребиз” деп жооп берди.

Кыргызстанда “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” деген мыйзам долбоору бир нече жыл мурда иштелип чыккан. Айрым юристтер жана саясатчылар аны интернетте бийлик өкүлдөрүн сындагандарды ооздуктоого багытталган аракет деп баалашкан жана мыйзам парламентте кабыл алынбай келген. Демилгечилердин бири депутат Гүлшат Асылбаева мыйзам долбоорун сындагандарды «фейктер» деп атаган. Быйыл мыйзам “Жалган маалыматтан коргоо жөнүндө” деген жаңы аталыш менен кабыл алынып, ишке кирди.

14-сентябрда маданият ишмерлери кол койду деген кайрылуунун тексти интернетте тараган. Анда “бир топ саясатчы баштаган адамдар 17-сентбярда 100 миң киши алып чыгып, бийликти алмаштырабыз деп жатканы үчүн аларга чара көрүү” талабы жазылган. Көп өтпөй каттын автору дегендер ага кол койбогонун билдирип чыгышкан. Катты жазганын айткан Жазуучулар союзунун мүчөсү Сонунбү Кадырова президентке кайрылганы чын экенин, бирок текст бурмаланып жарыяланып кеткенин билдирген.

15-сентябрда депутаттар жана саясатчылар Бакытбек Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Акматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Туйгунаалы Абдраимов, Жанарбек Акаев жана Канатбек Исаев ИИМде суракта болушкан. Алар маданият кызматкерлеринин кайрылуусу деген катка байланыштуу суроолорго жооп бергенин билдиришкен. Айрымдары бийлик алдыдагы парламенттик шайлоого карата биригип жаткан командаларды алсыратуу аракетин көрүп жатканын айтышкан.

ИИМ алардын сурагы тууралуу расмий маалымат берген эмес. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG