Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:29

Түркмөн активисттери: бийлик өлкөдө коронавирус бар деп таанышы керек


Ашхабад шаары, 21-апрель 2021-жыл
Ашхабад шаары, 21-апрель 2021-жыл

Түркмөнстандын жарандык коому Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна кайрылып, бийликти өлкөдө COVID-19 эпидемиясы бар деп моюнга алдырууну өтүндү. Каттын авторлору расмий Ашхабад “коронавирустун учурлары катталганын, оорунун масштабын жана адам өлүмдөрүн танып жатканын” белгилешти. Алардын айтымында, ооруканалар бейтаптарга толуп калган, элдин көбүнүн стационардык дарыланууга чамасы чектелүү.

Жарандык коомдун өкүлдөрү илдеттен көз жумган адамдар абдан көп болгонун, бирок дарыгерлер менен маркумдардын жакындары маалымат менен бөлүшүүдөн корккондуктан, так сандарды аныктоо кыйын болуп жатканын да жазышты.

Алар COVID-19 тууралуу маалымат таратууга тыюу салынгандыктан, калың эл вирустун коркунучунан кабарсыз калганын баса белгилешти.

“Азаттыктын” түркмөн редакциясынын кабарчылары маалымдашкандай, башкалаа Ашхабаддын ооруканаларында орундар тартыш, акыркы айда бир нече облуста бүтүндөй айыл-кыштактар изоляцияга алынган учурлар катталган.

Түркмөн өкмөтү COVID-19 илдети өлкөдө жок деп айтып келатат. Ошол эле маалда чектөөлөр, бет кап тагынуу эрежеси киргизилген. Бийлик муну Аралдан келген “зыяндуу чаңдан” коргонуу чарасы деп сыпаттайт.

XS
SM
MD
LG