Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 19:49

Кыргызстан Өзбекстандан жейрен алып келүү жөнүндө келишим түздү


Иллюстрациялык сүрөт. Орусиянын Ростов облусундагы жейрендер.

Кыргызстан Өзбекстандан жейрен алып келүү жөнүндө келишим түздү. Бул тууралуу 22-сентябрда "Sputnik Кыргызстан" агенттиги уюштурган онлайн брифингде Улуттук илимдер академиясынын Биология институтунун лаборатория башчысы Аскар Давлетбаков билдирди.

Анын айтымында, гранттык каражатка алына турган 15 жейрен Кыргызстанга октябрь айынын ортосунда келет. Бир аз убакыт атайын жайда кармалгандан кийин алар мурда жейрен байырлаган жерлерге коё берилет.

Адис белгилегендей, жейрендер Совет мезгилинде эле жок кылына баштаган.

Кыргызстандын “Кызыл китебине” киргизилген бул жаныбарга аңчылык кылууга тыюу салынган. Жейрендер Кыргызстандан тышкары Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда жана Иранда бар.

2019-жылы Кыргызстан Казакстандан да жейрен сураган. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик Казакстандан 50 баш жейрен алуу тууралуу протоколго кол коюлганын маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG