Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:56

Депутат Акаев: Былтыркы шайлоодогудай эле чоң эки партия түзүлүп жатат (видео)


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышуу үчүн таасирдүү кызмат адамдары жана акчалуулар кирген эки партия түзүлүп жатканын айтты. Ал муну былтыр жыйынтыгы жокко чыгарылган чуулгандуу парламенттик шайлоо менен салыштырып, бийлик муну алдын алыш керектигин билдирди.

“Партияны түзгөн адамдар “президенттин батасын алдык, резюмеңерди бере калгыла, президент күтүп калды” деп талапкерлердин башын айлантып атат. Президент баарына бирдей мамиле кылам деп кайрылуу кылбаса талапкерлерди ар кандай ыкмалар менен азгыруу аракеттери болуп атат”, - деди парламенттин 22-сентябрдагы жыйынында.

Депутат кайсы партиялар жөнүндө сөз болуп жатканын айткан жок. Быйылкы парламенттик шайлоого 75 партия катышуу ниетин билдирген.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда мындан ары кандай гана шайлоо болбосун таза өтөрүн, бийликтин партиясы болбой турганын бир нече жолу кайталаган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы (БШК) Нуржан Шайлдабекова административдик ресурсту колдонгон партияга каршы айрым партиялар каражатты колдонорун айтып, мындай көрүнүшкө жол берилбеши керектигин билдирди.

“Бул маселе боюнча өлкө башчынын толук түшүнүгү бар. Ага жол бербейбиз деп биз бул маселени талкуулаганбыз”, - деди ал.

Быйыл 28-ноябрда Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот. Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Бул саясий иш-чарадагы мыйзам бузууларга нааразылар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, өлкөдө бийлик алмашкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG