Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Кыргызстанда “Бейтаптардын жамааттык бирикмеси” уюму түзүлдү


Оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.
Оорукана. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда “Бейтаптардын жамааттык бирикмеси” уюму түзүлдү. Уюмдун “Келечек ооруларды алдын алууга жана артыкчылык бюджетине таандык” деген темадагы алгачкы жыйыны бүгүн 22-сентябрда Бишкекте өттү.

Бирикменин курамына онкология, гематология, гемофилия, кант диабети, гепатит, склероз илдеттерине чалдыккан, гемодиализ алып жаткан жана орган алмаштырган бейтаптардын уюмдары кирди.

Биригүүнүн максаты тууралуу “Азаттык” радиосуна Гемофилия коомунун президенти Нурбек Орозалиев айтып берди:

“Максат – конструктивдүү диалог куруу. Өкмөткө барып дары-дармек талап кылып кыйкыра бербестен ошол дарыны кантип алып келсе, бюджетти кантип туура бөлүштүрсө болорун чогуу талкуулоо. Системалуу түрдө нукка келтирели деген ой”.

Жыйынга парламенттин, өкмөттүн жана башка коомдук уюмдардын, донорлордун өкүлдөрү катышып, кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, 2020-жылы Кыргызстанда 40 миңден ашык адам жашоо менен кош айтышкан. Байкоочулар мындай көрсөткүч акыркы он жыл аралыгында катталбаганын, коронавирус пандемиясынын, ыштын таасири жана өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын алсыздыгы себеп болушу мүмкүн экенин белгилеп жатышат. (RK/KE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG