Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:52

Ооганстандагы кол салуулардан бери дегенде беш киши каза болду


Оогнстан, сентябрь 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт
Оогнстан, сентябрь 2021-жыл. Иллюстрациялык сүрөт

Ооганстандын чыгышында талибдерге таандык автомашинелер чабуулга кабылганы маалымдалды. Кол салуулардан бир нече согушкер жана карапайым киши набыт болду. Жалалабад провинциясында белгисиз бирөө “Талибандын” машинесине ок чыгарганда эки жоочу жана бери дегенде бир жайкын адам өлдү. Бул тууралуу окуяга күбө болгон оогандар айтып беришти. Талибдер болсо окко учкандар жалаң катардагы адамдар болчу деп билдиришти.

Бир сааттан кийин Нангархар аймагынын борбор шаарында жолдун боюна коюлган бомба жарылып, талибдердин бир кишиси жана карапайым тургун каза тапты. Ушул эле шаарда дагы бир жардырууда бир киши жараланды.

Бул чабуулдарды ким уюштурганы белгисиз. Буга чейин Жалалабад шаарындагы ушундай эле кол салууну “Ислам мамлекети” радикал уюмунун жергиликтүү канаты ишке ашырганын билдирген.

Өзүн “Ислам мамлекети-Хорасан” деп атап алган топ Ооганстандын талибдер башкарган жаңы бийлигине кас мамиледе. Эки согушкер уюм “Талибан” Кабулду ала электе эле бири-бири менен согушуп келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG