Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:06

Владимир Зеленский БУУнун ишин жандандырууга чакырды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-сентябрда Нью-Йорктогу Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясында сүйлөп жатып БУУнун ишин кайра жандандырууга мезгил келгенин айтты.

Ал коронавирус пандемиясы менен күрөшүүдө уюмда биримдик болбогонун билдирип, COVID-19га каршы вакцинаны алууга мамлекеттерге бирдей мүмкүнчүлүк түзүлбөгөнүн мисал кылды.

Буга байланыштуу адамдарга карата адилетсиздикти жоюу үчүн БУУ тиешелүү реформаларды жүргүзүшү керектигин кошумчалап, Украинада жардамчысы Сергей Шефирге кол салуу болгонун айтты.

"12 ок атылып үчөө айдоочуга тийди. Мына силерге өлкөнү өзгөртүүнүн, реформа кылуунун баасы", - деди Зеленский.

Украинанын президенти Донбасстагы абалга кайрылып, аймакта куралдуу кагылышуу учурунда 15 миң адам каза болгонун билдирди. БУУну Киев көзөмөлдөбөгөн аймактарда абакта жаткан 450 украинди бошотууга көмөктөшүүгө чакырды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG