Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:21

Кыргызстанда бүгүн Мамлекеттик тил күнү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз тили мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 32 жыл болду. 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан кийин кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген.

Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил. Мындан тышкары Кыргызстанда орус тили расмий тил деп эсептелет.

“Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамда президент, Жогорку Кеңештин төрагасы, премьер-министр, Жогорку соттун төрагасы мамлекеттик тилди билүүгө, мамлекеттик тилде окуп, жазып, өз оюн айтууга жана эл алдында сүйлөй билүүгө милдеттүү экени белгиленген. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG