Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

"Бир дүйнө Кыргызстан" Ошто жергиликтүү лидер аялдар үчүн жыйын уюштурду


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

Ошто бул күндөрү жергиликтүү лидер аялдардын өлкөдөгү саясий процесстерге катышуусуна арналган жыйын өтүп жатат. Ага Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарынан 18-35 жаштагы 30га жакын активист, лидер кыз-келин катышууда. Иш-чараны Women Learning Partnership-Bir Duino Kyrgyzstan уюштуруп, каржылады.

Уюштуруучулардын айтымында, негизги максат – жаш лидер аялдарды шайлоо жараяндарына окутуу аркылуу тартуу, ар кандай кырсыктарды жана тобокелдиктерди алдын алуу иштерине катыштыруу жана келерки парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу маалымат берүү.

“Айыл демилгеси” коомдук бирикмесинин Ош облусу боюнча өкүлү Максуда Алибаева “Азаттык” радиосуна билдиргендей, парламенттик шайлоо жаңы ыкма боюнча өткөнү жаткандыктан Жогорку Кеңешке аялдар келе албай калышы ыктымал деген кооптонуу бар:

“Себеби уруучулук деген бар, “аял киши лидер же депутат болуп эмне кылат эле” деген эски көз караштагы стереотиптер бар. Тууган-урук болуп кетиши мүмкүн. Квота сакталбай калып жатпайбы деген кооптонуу бар”.

Жыйынга Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова видео байланыш аркылуу катышып, шайлоо мыйзамдары жана талаптары боюнча кеңири түшүндүрмө берди.

Кыргызстанда быйыл 28-ноябрда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоонун жаңы эрежесине ылайык, пропорционалдык тутумдун негизинде бирдиктүү шайлоо округу боюнча 54, ал эми мажоритардык тутумдун негизинде бир мандаттуу округ боюнча 36 депутат шайланат.

Аялдардын укугун коргоо уюмдары аялдардын мажоритардык тутум боюнча шайлануу мүмкүнчүлүгү жокко эсе экенине, 90 мандаттын 16сы гана аялдарга тиерине буга чейин да кооптонуусун билдиришкен.

Быйыл Кыргызстанда айыл кеңештерине шайлоо алгачкы жолу аялдарга 30 пайыздык квота берүү менен өткөрүлдү. Натыйжада айыл кеңештеринде аялдардын саны 9 пайыздан 38 пайызга өстү. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG