Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

Байден менен Макрон өз ара алаканы жакшыртууну макулдашты


Макрон жана Байден. Архивдик сүрөт
Макрон жана Байден. Архивдик сүрөт

АКШ жана Франция президенттери октябрда жолугушмай болду. Франциялык элчи эмки жумада Вашингтонго кайтат. Бул тууралуу 22-сентябрда Жо Байден жана Эммануэл Макрондун телефон сүйлөшүүсүндө айтылды.

“Абалды Франция жана европалык өнөктөштөр үчүн маанилүү стратегиялык маселелерди ачык талкуулоо аркылуу жакшыртса болоруна эки лидер тең макул болушту", - деп билдирди Ак үй.

15-сентябрда АКШ, Британия жана Австралия AUKUS деп аталган альянс түзүшкөн. Инд-Тынч океан аймагындагы коопсуздук тармагын камтыган өнөктөштүктүн алкагында Австралия эки өлкөдөн суу астында сүзүүчү атомдук кемелерди алмакчы.

Буга чейин Париж менен түзүлгөн 40 миллиард долларлык келишимди Канберра үзүп койду. Буга нааразы болгон Франция АКШ жана Австралиядагы элчилерин чакыртып алды. Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери бул талашта Парижге тилектештигин билдиришкен.

Телефон сүйлөшүүсүндө Макрон менен Байден ортодогу ишенимди калыбына келтирүү үчүн жолугушуу баштоону макулдашканын тараптардын расмий булактары маалымдашты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG