Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:57

Зеленский Донбасстагы абалды жөнгө салууга жардам берүүгө чакырды


Зеленский Башкы ассамблеяда. 22-сентябрь, 2021-жыл
Зеленский Башкы ассамблеяда. 22-сентябрь, 2021-жыл

Украина президенти Владимир Зеленский Улуттар уюмун өлкө чыгышында уланып жаткан согушту токтотуу үчүн аракет көрүүгө чакырды. Аймакта жети жылдан бери Москва колдогон жикчилдер менен өкмөттүк күчтөр согушуп келатат.

22-сентябрда Башкы ассамблеянын трибунасынан кайрылган президент Орусия ал жактагы куралдуу жаңжалдын отуна май тамызып жатканын, Крым жарым аралын аннексиялап алганы үчүн жооп бере электигин айтты:

"2019-жылы ушул трибунадан сүйлөп жатып мен Украинадагы согуш 13 миң кишинин өмүрүн алганын, 30 миң киши жарадар болгонун айткан элем. Бир жарым миллион киши коопсуз жерлерге качууга аргасыз болгонун элестетсеңер. Жыл сайын ушундай сандар ушул жерде, Улуттар уюмунда айтылып келатат. Бирок ал эсеп жыл сайын өсүүдө. Эми 15 миңдей киши өлгөнүн айтып жатабыз. Бул эркиндиктин, көз карандысыздыктын баасы".

Москва жикчилдер көзөмөлдөгөн Донбасста жашагандарга паспорт таратып, парламенттик шайлоодо добуш берүүгө уруксат берген. Зеленский мындай саясатты эл аралык кылмыштын, мыйзамдарды бузуунун далили деп атады.

Мунун алдында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссариаты Украинанын чыгышында зордук-зомбулук күчөгөнүн билдирген. Докладда 1-февралдан 31-июлга чейин карапайым адамдардын арасындагы жоготуулар 51% көбөйгөнү айтылат.

Орусия Донбасстагы куралдуу жаңжал тууралуу өз дарегине айтылган айыптоолорду четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG