Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:08

"Эркиндик үнү": Бишкекте абактагыларды текшерүүдө мыйзам бузуу бар экени аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

“Эркиндик үнү” коомдук уюму Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалып турган адамдарды коронавирусту алдын алуу үчүн медициналык текшерүүдөн өткөрүүдө мыйзам бузулуп жатканын билдирди. Уюмдун координатору Батыр Ботобеков 23-сентябрда “Азаттыкка” маалымдагандай, аларды сотко же башка тергөө иш-чараларына алып чыгып, кайра алып келген сайын өпкөсүн текшертип, рентгенден өткөрүп жатышканы белгилүү болду.

Анын айтымында, маселе бар экени акыйкатчынын, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун өкүлдөрү менен бирге убактылуу кармоочу жайлар жана тергөө абагы боюнча мониторинг жүргүзүлгөн учурда аныкталган.

Камактагылар, Ботобеков билдиргендей, оорунун белгиси жок болсо деле улам текшерип турушарын айтып беришкен:

“Биз карасак ошондой проблема бар экен. Коронавирус киргизбеш үчүн абактын медицина кызматкерлери флюорографиядан өткөрүшөт экен. Мунун зыяны бар, себеби норма боюнча адам бир жылда эки эле жолу өтсө болот”.

Жаза аткаруу кызматы жана башка тийиштүү мекемелер укук коргоочулардын бул билдирүүсүнө азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясы дээрлик 180 миң адамга жукканы, алардын 2,5 миңи каза болгону расмий айтылууда. Чынында ооругандар андан көп экенин адистер белгилөөдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG