Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Куугунтук маселесин козгогон парламенттеги кайым айтыш


Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев.

21-сентябрда парламенттеги комитет жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев менен башкы прокурор Курманкул Зулушев кайым айтыша кеткени коомчулуктун көңүлүн бурду.

Депутат өзүнө "компромат издешип", "опузалоо болуп жатканын" билдирди. Башкы прокурор Курманкул Зулушев андай тапшырма жоктугун, бирок эгер кааласа депутатка илинчек табуу кыйын эместигин эскертти.

Жээнчороев агынан жарылганда

Президент артка кайтарган мыйзам долбоорун парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы туруу боюнча комитетинде карап жаткан учурда депутат Мирлан Жээнчороев демилгечиге макул эместигин айтып, кагуу жеп калды.

Депутат Жээнчороев башкы прокурор Курманкул Зулушев ага баш ийбегени үчүн анын артынан түшүп, компромат издеп жүргөнүн ачыкка чыгарды:

"Сиз дагы кекетпей сүйлөңүз. Мен жаш бала эмесмин. Мага чалып алып, "сени издөөгө берем" дегендей. Курманкул Токторалиевич, сиз эмне мени тарбиялайсызбы? Мага бирөө чалып жатса, ага "беш мүнөттөн кийин кайра чалам" деп жооп беришим керек да. Бүгүнкү күндө башкы прокурор эбегейсиз бийликке ээ экенин түшүнөм. Бирок сиз бул бийлигиңизден пайдаланбаңыз. Мен айтып коюшум абзел, буга чейин эле сиз "Камчыке, мына бул Мирланга бир нерсе таап бериңизчи, мени укпай жатат" дегениңизди уктук. Мындай кылбаңыз, бул күн дагы өтөт".

Ал эми буга чейин кайра иштелип чыгып, бекитилген кодекстерди президенттин каршы пикири менен парламентке алып келген демилгечи - башкы прокурор Курманкул Зулушев дооматты четке кагып, тескерисинче, депутат Жээнчороев өзү парламентте суроолорго жооп берип жаткан прокурор Шүкүрбековду кекетип, ага басым жасады деп айыптады.

Ошол эле кезде башкы прокурор Курманкул Зулушев эгерде кааласа, депутат Жээнчороевге илинчек издеп, иш козгоо кыйын эместигин кыйытты:

"Мына, бул микрофондон айттыңыз. Камчыкеден мына ушул айтылган сөздү эми далилдеп бериңиз. Мен андай команда бербейм эч кимге. Команда бере турган болсом, анда сизге таап коюш оңой эле. Анан дагы сиз бул жерде комитеттин төрагасы болуп турганыңызда кандай иштегениңизди билебиз. Сиз мага акыл үйрөтпөңүз, макулбу?".

Парламентте депутат менен башкы прокурордун кайым айтышуусу кыйлага созулуп, алар мурдагы жана учурдагы ээлеген кызматтарында эмне иштер болгонуна ишарат кылып, бирине-бири ачуу сөз айтканга да жетишти.

Жыйынды алып барган комитет төрайымы, депутат Наталья Никитенко буга кийлигишүүгө аргасыз болуп, регламентти эске салып, тараптарды тынчтандырды:

"Урматтуу кесиптештер, келгиле, сабырдуу бололу. Мен регламенттин ченемдерине кайтып барып, мамлекеттик кызматкердин этикасын сактап, бири-бирибизди сыйлоого чакырам. Албетте, мыйзамдын демилгечисинде жана депутаттарда ар кандай пикирлер болушу мүмкүн. Бирок анын бардыгы жекеликке өтүп, жекече акарат айтууга негиз болбойт. Ошондуктан урматтуу кесиптештер, президенттин каршы пикирин кароого кайтып келүүгө чакырам. Анан эмнеге Мирлан Канатбековичте мындай суроолор болгонуна тактоо киргизүү үчүн процедураны дагы бир жолу белгилеп өткүм келет. Мен сиздерге Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин регламенттинин ченемдерин окуп бердим",-деди Никитенко.

Эл өкүлүн "эсине келтирүү" усулу

Ал эми мамлекеттик кызмат боюнча адис-эксперт Азамат Келгенбаевдин айтымында, "Жогорку Кеңештин регламенти" жана "Жогорку Кеңештин депутатынын макамы тууралуу" мыйзамдарда депутаттын парламенттеги ишмердиги ар кандай басым көрсөтүү же опузалоодон корголгон.

Азамат Келгенбаев депутаттын жеке кызмат адамы катары эмес, эл өкүлү катары макамы ага аткаруу бийлигине оюн эркин айтып, талашып-тартышууга шарт түзүшү керек дейт.

"Бул жерде депутатка жеке адам катары эмес, шайлоочулардын добуш алып, шайлануу аркылуу келген мыйзам чыгаруу бийлигинин өкүлү катары макамы мыйзамда көрсөтүлгөн. Ал парламентте сүйлөгөн сын-пикири үчүн опузалоого дуушар болбошу керек. Мында анын элдин үнүн ачык айтып, бийликке жеткире турган вазийпасы турат. Анан албетте, депутаттар дагы кээде мына ошол элдик өкүлчүлүктү ишке ашыруу макамын жеке кызыкчылыгына пайдаланып, аткаруу бийлигинин өкүлдөрүнө басым жасаган учурлары болгон. Андайга дагы жол берилбеши зарыл. Бирок депутатты камоо менен коркутуп, оозун жабуу үчүн опузалоо демократиялык коомдо жол берилгис көрүнүш. Ал нерсе депутаттын эркин сүйлөө укугун чектеп, алардын үнүн өчүрүүгө өбөлгө түзөт".

Чатак чечилди, маселе кала берди

Мына ошондон соң, комитеттин жыйынында болуп өткөн ал окуянын эртеси депутат Мирлан Жээнчороев башкы прокурор Курманкул Зулушев менен өз ара келишип алышканын айтып, чатак жөнгө салынганы тууралуу билдирүү жасады.

Бирок депутат Жээнчороев ага карата даярдалып жаткан илинчек иштер тууралуу андан ары кеңири түшүндүрмө берген жок. Ошондой эле, башкы прокурор Курманкул Зулушев атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевден депутат Жээнчороевдин оозун жабуу үчүн компромат сураганы тууралуу депутаттын өзүнүн билдирүүсү туюк бойдон кала берди.

Депутат Мирлан Жээнчороев ал башкы прокурор экөө жолугуп, өз ара түшүнбөстүктөрдү жайгарып, ортодогу ушак сөздөрдү териштирип алышканын, ошону менен депутат менен башкы прокурордун чатагына чекит коюлганын айтты.

Акаевге атырылган Абдил Сегизбаевдин мисалы

Бул көрүнүш Жогорку Кеңештин депутаттарын эл көзүнчө омуроолоп же тымызын опузалаган биринчи учур эмес. Бийлик укук коргоо органдарын "саясий союл" катары колдонуп, оппозициялык маанайдагы депутаттарга каршы тукурган мисалдар аз эмес.

2016-жылы парламентте ошол кездеги бийликти сындаган оппозициялык саясатчыларды каралаган "Белизгейт" ишинин жасалма токулганы ашкереленгени боюнча "Азаттыкка" чыккан маалымат тууралуу суроо берген депутат Жанарбек Акаевди ошондогу УКМК төрагасы Абдил Сегизбаев парламентте кагып-силккен жайы бар:

"Жанарбек Кубанычович, сиз "Азаттыкта" көп жыл иштедиңиз. Мүмкүн, кесиптештериңизге жан тартып жатасыз. Бирок сиз бүгүн парламенттин депутатысыз. Элдин кызматында турасыз. Ошондуктан өткөн-кеткен заманды унутуп, азыр калыс болуңуз. Экинчиден, эмнегедир бүгүн, Жогорку Кеңештеги талкуу бир эле документке байланып калды. Мен болсо, маселени башкача коёт элем",-деген ал.

Депутат Жанарбек Акаев ага саясий насаат айтып, парламентте эл өкүлү катары өзүн кантип алып жүрүүнү үйрөткөн Абдил Сегизбаевге анда төмөндөгүдөй жооп кайтарган болчу:

"Мен күнөөлөп жаткан жокмун. Сиз бир аз эмоцияга алдырып жибердиңиз. Экинчиден, мына ошол интернетке чыккан маалыматты бүтүндөй кыргыз эли көрдү. Анан мен окурман катары ошол чыккан маалыматты айтып, ошого карата сиздин жообуңузду гана уккум келди. Бул жерде эч кандай чагым болуп жаткан жок. Анан менин калыстыгым боюнча сурасаңыз. Көчөдөн эки жүздөй кишиге жолуксам, анын жүз токсон тогузу мени "калыс" деп колумду кысып келе жатат. Эгерде силер чыгарган документтер жасалма экени аныкталып калса, анда бул үчүн саясий, моралдык жана укуктук жактан жоопкерчиликти ким моюнуна алат? Анткени кара пиардын, кара ниеттиктин өмүрү кыска".

Ал эми Жогорку Кеңештин "Ата Мекен" фракциясынын ошол кездеги лидери Өмүрбек Текебаев эл өкүлдөрүнүн оозун жаап, опузалаган жетекчилердин тагдыры кийин эмне болгонун эскерткен эле:

"УКМКнын төрагасы Сегизбаев атырылып, депутатты коркутуп, кадимкидей кагып-силкип жатат. "Эмне үчүн минтип суроо бересиң" деп парламентте демитип. Биз мурдагы УКМК төрагасы Мурат Суталиновду көргөнбүз. Азыр каякта? Түрмөдө! Башкы прокурор Сатыбалдиев дегенди көргөнбүз. Ал дагы абакта! Ички иштер министри болгон Конгантиевдин опурулуп турганын көргөнбүз. Анын эмне болгонун баарыбыз билебиз. Ошол кездеги президент менен анын бир туугандарын дагы көргөнбүз. Алар дагы парламентке келип алып, депутаттарды "эртең каматып салабыз" деген ишарат берип, ушинтип коркутушар эле. Башка жарандык кызматтагы жетекчилер же президенттин өкүлү ушинтип айтса дагы түшүнсө болот. Бирок өзгөчө ыйгарым укуктарга ээ болгон атайын кызматтын жетекчисинин минтип атырылып жатканы коркутуу, кысымга алуу катары кабыл алынат".

Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, депутатты пикири үчүн куугунтуктап, опузалоого мыйзам жол бербейт. Бирок мындай көрүнүш парламентте эбактан бери өнөкөткө айланганы айтылып жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG