Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:53

Тажикстанда мунапыс берилгендер абактан чыга баштады


Дүйшөмбүнүн четиндеги түрмө. Тажикстан.
Дүйшөмбүнүн четиндеги түрмө. Тажикстан.

Тажикстанда жапырт мунапыска илинген айыпкерлердин биринчи тобу түрмөлөрдөн чыкты. Айдын башында парламент президент Эмомали Рахмон сунуш кылган тиешелүү мыйзам долбоорун жактырган. Өлкө эгемендигинин 30 жылдыгына карай кабыл алынган мыйзамда 16 миңден көп кишиге мунапыс берүү каралган. Алардын катарына негизинен аялдар, 18 жаштан кичүү жана 55 жаштан улуулар, майыптар, оор илдеттери барлар, мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлангандар, согуш ардагерлери, чет өлкөлүк жарандар кирген.

Укук коргоочулар мунапыс саясий туткундарга тиешелүү эмес экенин белгилешет.

Тажик бийлигинин чечимине ылайык, эки айдын ичинде 10 миңден көп киши абактардан бошотулуп, дагы 6 миңге чукулунун жаза мөөнөттөрү кыскарат.

XS
SM
MD
LG