Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Хабаровскинин жанына кулаган учактын калдыктары табылды


Иркутск облусунда кулаган учак. 13-сентябрь 2021-жыл
Иркутск облусунда кулаган учак. 13-сентябрь 2021-жыл

Хабаровскинин жанында шаршембиде дайынсыз жоголгон Ан-26 учагынын калдыктары табылды. Куткаруучулар кырсык болгон жерге барышканда аман калгандарды таба алышкан жок. Бортто алты киши бар болчу. Маалыматтарга караганда, катуу ылдамдыкта бараткан учак тоону сүзгөн.

Ан-26 үлгүсүндөгү учак 22-сентябрда Хабаровск шаарынын аэропортуна 40 километр калганда байланышка чыкпай, радарлардан жоголуп кеткен. Учак навигациялык байкоо системаларынын ишин текшерип жаткан.

Алдын ала айтылган версиялар боюнча кырсык начар аба ырайынан, пилоттун катасынан же техникалык мандемден улам болушу ыктымал.

13-сентябрда Иркутск облусунда 16 киши бараткан L-410 деген учак кырсыкка учураганда төрт киши каза тапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG