Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:55

Укук коргоочулар Гератта аялдардын укугу одоно бузулуп жатканын айтышты


Герат, 21-сентябрь 2021-жыл
Герат, 21-сентябрь 2021-жыл

Эл аралык укук коргоочу уюмдар талибдер Ооганстандын Герат шаарында кыз-келиндердин укуктарын одоно бузуп жатканын билдиришти. 12-августта шаар “Талибандын” колуна өткөндөн бери ашынган исламчыл кыймыл активисттерди, белгилүү аялдарды куугунтуктап, кыз-келиндердин билим алуу, иштөө жана көчөгө ээн-эркин чыгуу укугун чектеп, бети-башын чүмкөп жүрүүгө милдеттендирди, тынч жыйындарга чогулуу укугун бузууда, - деп белгиленет 23-сентябрда Human Rights Watch (HRW) жана Сан Хосе мамлекеттик университетинин Адам укуктары институтунун биргелешкен билдирүүсүндө.

Эки уюмдун кызматкерлери Гераттагы жети аялды телефондон сурамжылашканда, алар талибдер шаарды алганда жашоолору кескин өзгөргөнүн, коркуу сезими менен жашап калышканын, үй-бүлөсүндөгү эркектердин коштоосунда гана сыртка чыга алышарын айтып беришкен. Алар иштей албагандыктан акча-тыйын тартыш болуп калган. Жылдар бою бепестеп келаткан кыялдарына бир күндө балта чабылганда стресске кабылышкан, - деп белгилешет укук коргоочулар.

Талибдер 1996-2001-жылы бийликте турганда кыздардын билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, аялдардын иштөөсүнө тыюу салынган.

Ашынган исламчыл кыймыл азыр өзүн мурункудан байистүү деп атаганы менен алар жетектеген өкмөт бир айдын ичинде эле аялдардын бир топ укуктарын чектеп салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG