Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Мамлекеттик тил күнүнө арналган жыйын өттү


Жыйындын катышуучулары.
Жыйындын катышуучулары.

23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетте жыйын өткөрдү.

Ага мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Сыртбай Мусаев, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин кыргыз тили боюнча адистери, жогорку окуу жайларынын проректорлору жана мектеп мугалимдери катышты.

Жыйында мамлекеттик тилдин абалы тууралуу талкуу болуп, көйгөйлөр айтылды. Соңунда улуттук комиссия тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн айрым адистерге ардак баракчаларын тапшырды.

Иш-чара алкагында кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн инсандардын бири, агартуучу Касым Тыныстановдун 120 жылдыгына арналган “Өмүр жана өкүнүч” спектакли тартууланды.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили өлкөдө мамлекеттик, ал эми орус тили расмий деген макамга ээ.

Президент Садыр Жапаров кыргыз тилин күнүмдүк жашоонун бардык чөйрөсүндө негизги байланыш каражаты катары колдонуу деген ой-тилекке сөзсүз жетүү зарыл деп эсептерин бүгүн 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоосунда айтты. Ал мамлекеттик тилде иш жүргүзүүгө каалоо гана керек болуп турганын белгилеп, “бардык тараптарды ар кандай шарт-жагдайларга шылтоолоп, илгертеден келаткан инерция менен эле иштей берүүнү токтотуп, өз тилибизге, демек, элибизге кызмат кылууга чакырам” деди. (MZh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG