Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:00

БУУнун качкындар боюнча кеңсесинин өкүлү Бишкекте сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө


БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгынын Борбор Азия аймагындагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер (ортодо).
БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгынын Борбор Азия аймагындагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддер (ортодо).

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча башкармалыгынын Борбор Азия аймагындагы өкүлү Ханс Фридрих Шоддердин Кыргызстан боюнча иш сапары уланууда.

Бүгүн 23-сентябрда ал Ички иштер министрлигинде (ИИМ) болуп, кызматташтыкты талкуулады. Министрдин орун басары Нурбек Абдиев башка мамлекеттик органдар жана коомдук уюмдар менен бирге качкын деп таанылган адамдарга жардам берүү, алардын коопсуздугун камсыз кылуу, укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иш жүргүзүлүп турарын билдирди.

Кечээ Ханс Фридрих Шоддер Кыргызстандын акыйкатчысы менен жолуккан. Акыйкатчы Токон Мамытов этникалык кыргыздарга документ берүүдө жаралып жаткан проблемалар бар экенин, себеби алардын ата-энеси кыргыз болгону менен туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндө башка улут жазылгандыктан кыргыз жарандыгын ыйгарууда жана паспорт берүүдө президенттин тийиштүү жарлыгына карабастан чоң көйгөй жаралып жатканын айтты.

Ошондой эле 22-сентябрда качкындар боюнча эл аралык уюмдун өкүлү санарип өнүктүрүү министри Дастан Догоев менен да жолугуп, кызматташтыкты талкуулады жана Жарандык маселелери боюнча борбордун ачылышына катышты. Ушул эле күнү БУУнун Качкындар иши боюнча башкармалыгынын атынан Калкты жана жарандык абал актыларын каттоо департаментине 22 миң долларлык техникалык жабдык тапшырды.

Өз сөзүндө Ханс Фридрих Шоддер Кыргызстан аймагындагы жарандык ала албай жүргөн адамдардын маселесин чечип, жарандыкка болгон фундаменталдык укукту коргоого аракет-ниетин көрсөтө алганын белгиледи.

БУУнун качкындардын макамы тууралуу конвенциясы 1951-жылы кабыл алынган, Кыргызстан ага 1996-жылы кошулган.

2020-жылдагы расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда качкын макамын алган 200дөй адам катталган. Ооганстандагы соңку окуялардан кийин Кыргызстан бул өлкөнүн 500 студентине виза берүүгө, памирлик 1200 кыргызды кабыл алууга даяр экенин билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG