Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:13

“Кумтөр” айрым саясатчылар кен аркылуу упай топтоп атканын билдирди


“Кумтөр Голд” ишканасы.
“Кумтөр Голд” ишканасы.

“Кумтөр Голд” ишканасы кендин ишмердигине байланыштуу коомчулуктагы талкууга жооп берди. Компания айрым саясатчылар менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү коомчулукка калп маалыматтарды таратып, өздөрүнүн баа-баркын көтөрүүгө аракет кылып жатканын билдирди.

“Алар ушундай популисттик билдирүүлөрү менен арзан кадыр-барк топтоп, эртеңки шайлоого даярданышууда. Эсиңиздерге сала кетсек, “Кумтөр” – бул саясат эмес, өндүрүш жана бул теманын өзгөчөлүгүн терең билбей туруп, ар кандай божомолдорду айта берүү кооптуу. Добуш топтоонун эң ыңгайлуу жана натыйжалуу жолу – бул эл өкүлү катары жасаган ишиңердин жыйынтыгын элге айтып берүү”, - деп айтылат ишкана 23-сентябрда расмий сайтына жарыялаган маалыматта.

“Кумтөр Голд” алтын менен күмүштү экспорттоону “Кыргызалтын” компаниясы ишке ашырарын, “Кумтөр Голд”, “Кыргызалтын” жана өкмөттүн ортосунда түзүлгөн алтын менен күмүштү сатуу жөнүндө келишимде каралганын кабарлады.

Ишкананын убактылуу сырткы башкаруучусу Инвестициялар министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна ай сайын компаниянын иши жөнүндө отчет берери айтылат. Депутаттар “Кумтөр Голддун” ишмердиги жөнүндө отчетту уккусу келсе Министрлер кабинети менен макулдашуусу керектиги, ошондо гана отчет берилери белгиленди.

Компания Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) "Кыргызалтын" ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотуу боюнча чечимине да жооп берди.

“Бул чечим (убактылуу четтетүү боюнча) “Кыргызалтын” ААКтын алтын сатуу укугун чектебейт, Кыргыз Республикасынын суверендүү укуктарын да чектебейт жана ошондой эле эч кандай субъектиге баалуу металлдар рыногундагы көптөгөн эл аралык платформалардын алкагында биржалар, рыноктордогу экинчи соодадан Кыргыз Республикасынан алтын сатып алууга тыюу салбайт (Баалуу металлдар рыногунун Лондон ассоциациясынан тышкары)”.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Канадалык “Центерра Голд" компаниясы дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

22-сентябрда Жогорку Кеңеште Кумтөр алтын кенинде сырттан башкаруу киргизилгенден берки иштер тууралуу маалымат угуу сунушу айтылган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG