Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Милиция сот үй камагына бошоткон кишиге арыз-даттануу болуп жатканын кабарлады


Ош шаардык соту.
Ош шаардык соту.

Мурда 24 жолу кылмыш жоопкерчилигине тартылган, Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде “уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү” катары каттоодо турган 30 жаштагы кишини Ош шаардык сотунун судьясы үй камагына чыгарды.

Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. Милиция тараткан маалыматка ылайык, сөз болуп жаткан адам 18-сентябрда коңшусунун үйүнө атасы менен барып беш кишини сабаган. Жабырлануучулардын бири, 32 жаштагы аялдын абалы оор.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин “Ээнбаштык” беренеси менен иш козголуп, Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде “уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү” катары каттоодо турган адам камакка алынган.

Милиция Ош шаардык соту үй камагына чыгарган шектүү кайрадан коңшуларына басым кылып жатканы тууралуу маалымат бар экенин, ушул тапта ал текшерилип жатканын кабарлады.

Ош шаардык соту бул иш боюнча комментарий бере элек. (BTo)

XS
SM
MD
LG