Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

1-октябрда пенсия орточо 8% көбөйөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрда Кыргызстанда пенсиянын кезектеги көбөйүүсү болот. Өкмөттүн басма сөз кызматы 24-сентябрда билдиргендей, пенсиянын базалык жана камсыздандыруу бөлүктөрү индексация болгондон кийин жалпы орточо өлчөмү 6248 сом болот, бул азыркыдан 8% же 455 сомго көп.

Жогорулоо ар бир пенсионердин пенсиясынын өлчөмүнө жараша болот.

Буга чейин пенсия 2020-жылы орточо 360 сомго, 2019-жылы 328 сомго, 2018-жылы 378 сомго көбөйгөн болчу.

2017-жылы өкмөт жыл сайын күзүндө пенсияга акча кошуп туруу жөнүндө чечим кабыл алган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыркы жылдын жыйынтыгы менен пенсионердин жашоосуна керектүү бир айлык минимум 4785 сом деп эсептелген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG