Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Равшан Жээнбеков президентке кайрылуу жолдоду


Равшан Жеенбеков. Архивдик сүрөт.
Равшан Жеенбеков. Архивдик сүрөт.

Оппозициячы саясатчы, учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып жаткан Равшан Жээнбеков президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоп, демократиялык коом куруу боюнча сунуштарын айтты. Бүгүн 24-сентябрда жарыялаган кайрылуусунда Жээнбеков президент жакында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясынын трибунасынан Кыргызстан демократияга багыт алат деп билдиргенин, бул үчүн реалдуу кадамдарды жасоого туура келерин айтты.

Саясатчынын жети пункттан турган кайрылуусунда “маалыматты манипуляциялоо жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө боюнча кабыл алынган мыйзамдарды жокко чыгаруу”, “Европа кеңеши жана АКШ менен көп жылдардан бери бүтпөй келе жаткан эки тараптуу келишимдерге кол коюу”, “саясий өңүттө камалган саясатчыларды, жарандык активисттерди эркиндике чыгаруу”, “күч органдарынын активдүү жарандарга, ишкерлерге жана бизнеске басымын тыюу” тууралуу сунуштар бар.

Мындан тышкары Жээнбеков сот-укук реформасын баштоого, анын башына жарандык коомдун лидерлерин, саясий оппоненттерди коюуга, жанына “мурдагы бийликтерден калган кошоматчыларды, саясатчыларды, депутаттарды” жолотпоого жана улуттук-саясий диалог жүргүзүүгө чакырды.

21-сентябрда БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясындагы видеокайрылуусунда президент Садыр Жапапов «Кыргызстан демократиялык жолдон кайтпайт. Бул биздин эркиндикти сүйгөн элибиздин талабы» деп белгилеген жана 2020-жылдын октябрь окуяларынан кийин Кыргызстандын тарыхынын жаңы этабы башталганын, бир жыл ичинде бийлик коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө жетишип, коомдун үмүтүнө жана ишеничине ээ боло алганын айткан.

Жапаров “Президенттик шайлоонун жана Конституция боюнча референдумдун жыйынтыктарын эл аралык коомчулук, анын ичинде ЕККУнун адам укуктары жана демократиялык институттары боюнча бюросунун байкоочулары тааныганын” кошумчалаган.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда, 6-октябрдын түнүндө абактан бошотулган. “Жарандык көзөмөл комитети” уюму аны саясий туткун деп тааныган.

Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алган. Жээнбеков өзүнө коюлган айыпты саясий куугунтук деп келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG