Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Алмамбет Шыкмаматов шайлоого байланыштуу кызматтан кетерин билдирди


Садыр Жапаров менен Алмамбет Шыкмаматов. 27-сентябрь, 2021-жыл.
Садыр Жапаров менен Алмамбет Шыкмаматов. 27-сентябрь, 2021-жыл.

Алмамбет Шыкмаматов алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого байланыштуу инвестициялар министри кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазарын билдирди. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда президент Садыр Жапаров менен жолугушууда белгилүү болду.

Жапаров анын отставкасын кабыл алууга даяр экенин билдирип, аткарган иштери үчүн ыраазычылык билдирди. Андан сырткары, "Мамлекеттик жарандык кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси" класстык чинин ыйгарды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов инвестициялар министри болуп февраль айында дайындалган.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54тү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланып келет. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG