Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Өзбек-ооган чек арасындагы атышуудан аскер окко учту


Өзбек-ооган чек арасындагы аскерий машыгуулар.
Өзбек-ооган чек арасындагы аскерий машыгуулар.

Өзбекстан менен Ооганстандын чек арасында болгон ок атышуудан өзбекстандык чек арачы окко учту.

Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Намангандагы сапары учурунда айтты. "Нигох" телеграм-каналынын маалыматына караганда, атышуу 26-сентябрда Ооганстандагы баңгизат соодагери Өзбекстан аймагына өтүүгө аракет кылганда болгон.

"Кечээ биздин мамлекеттик чек араны белгилүү ооганстандык баңгизат соодагери бузуп кирүүгө аракет кылды. Зарыл болгон шартта биз чек арабызды курал менен кайтарабыз. Биздин аскерлердин бири баатырларча курман болду. Ал Намангандын кулуну эле", - деди Мирзиёев.

Ооганстанда августтун ортосунда "Талибан" кыймылы бийликти басып алгандан бери өлкөдө баңгизат соодасы эркин жүрүп жатканы айтылууда. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG