Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:29

Стамбулда акын Жолон Мамытовду эскерүү кечеси өттү


Эскерүү кечеси. Стамбул шаары.
Эскерүү кечеси. Стамбул шаары.

28-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарындагы Топкапы маданият борборунда Кыргыз эл акыны Жолон Мамытовдун 80 жылдыгына карата эскерүү кечеси уюштурулду. Ага акындын жубайы, эл акыны Меңди Мамазаирова, кыргызстандык жаш акындар жана түркиялык коомдук ишмерлер катышты.

Бул кечеде Жолон Мамытовдун ырлары окулуп, анын замандаштары жана анын ырлары тууралуу илимий изилдөө жазган түркиялык илимпоздор сөз сүйлөштү. Буга чейин Мамытовдун ырлары түрк тилине которулбаганы, эми котормочулар бул иштин үстүндө иштеп жатышканы айтылды.

Бул маданий иш чара ТҮРКСОЙ эл аралык уюму, Түрк кеңеши, Жолон Мамытов фонду жана шаардык маданият бирикмеси тарабынан уюштурулган.

Акын Жолон Мамытов 1940-жылы 1-апрелде Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылында төрөлгөн. 1957-1962-жылдары борбордогу К.И.Скрябин атындагы Айыл чарба институтунун ветеринария бөлүмүндө, 1969-1971-жылдары Москвадагы М.Горький атындагы институттун алдындагы жогорку курсунан билим алган.

Чыгармалары орус жана башка элдердин тилдерине которулуп, өзү да Ф. Тютчевдин, А. Феттин, В. Маяковскийдин, М. Слуцкистин айрым чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

Жолон Мамытов 1988-жылы 7-мартта 48 жаш курагында Москва шаарында оорудан улам дүйнөдөн кайткан. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG