Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:18

Алайда “Тоо театрларынын биринчи фестивалы” башталды


Фестивалдын ачылуу аземинен тартылган сүрөт.
Фестивалдын ачылуу аземинен тартылган сүрөт.

29-сентябрда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында фестивалдын ачылышы болду. Тоо театрларынын башын бириктирген маданий иш-чара Алымбек датканын 220, Курманжан датканын 210 жана Алай театрынын 75 жылдыгына арналууда.

Токтогул Ажибаев атындагы Алай музыкалык-драма театрынын жетекчиси Алымкул Исаков бул иш-чаранын максаты аймактагы чыгармачыл топторду колдоо, элдин жан дүйнөсүн байытуу экенин белгиледи.

Фестивалда өлкөнүн жети облусунан келген жана Өзбекстандын Наманган облустук музыкалык-драма театрынын жамааты спектаклдерин тартуулайт.

Иш-чара 30-сентябрь күнү да уланып, күнү бою айылдыктар үчүн спектаклдер тартууланат.

Алай районундагы музыкалык-драма театры Кыргызстандагы райондук деңгээлдеги үч театрдын бири. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG