Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

"Озоди": Орусия тажик-ооган алакасындагы чыңалууга тынчысызданып жатканын билдирди


Тажик аскерлери. 10-август, 2021-жыл.
Тажик аскерлери. 10-август, 2021-жыл.

Москва Тажикстан менен Ооганстан чек арага күчтөрүн тартып жатканына тынчсыздануусун билдирип, тараптарды «жаралган кырдаалды жөндөй турган, эки өлкөгө тең ыңгайлуу варианттарды издөөгө» чакырды. Бул тууралуу Москвада 30-сентябрда өткөн брифингде Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Алексей Зайцев билдирди.

Буг чейин «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун тажик кызматы - «Озоди» радиосу кабарлагандай, талибдердин өкүлү Забиулла Мужахид 25-сентябрда Твиттерге Ислам Эмиратынын Мансури армиясынын «он миңдеген аскерлери Тажикстанга жакын Тахор аймагына тартылганын» жазган.

Бир нече күн мурда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Ооганстан менен чектешкен Тоолуу Бадахшан автоном облусуна барганда күч түзүмдөрү аскердик парад уюштурган.

Буга чейин аталган облустагы чек ара кызматынын өкүлү Тажикстанга чектеш аймакка талибдердин миңдеген аскерлери жөнөтүлгөнү тууралуу маалыматты «фейк» деп атап, ошентсе да бийлик чек аранын ары жагындагы окуяларга тыкыр көз салып жатканын кошумчалаган.

"Озоди" радиосу жазгандай, Ислам Эмиратынын Мансури армиясы негизинен жанкечти террорчулардан турат. Өткөн аптада талибдер алардын бир бөлүгү Ооганстандын Бадахшан провинциясына жайгаштырылганын билдирген.

Тажикстан Ооганстандын коңшуларынын ичинен "Талибан" өкмөтүн кескин сынга алган саналуу мамлекеттердин бири. Буга чейин тажик президенти Эмомали Рахмон талибдерди Ооганстандагы этникалык тажиктердин укуктарын көз жаздымда калтырганы үчүн бир нече жолу сындаган.

Тажикстан менен Ооганстандын чек арасынын узундугу 1400 чакырымды түзөт. Соңку күндөрү Тажикстан Орусия жана башка Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) менен бирге тажик-ооган чек арасына жакын жерде машыгууларды өткөрүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG