Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:02

Кыргызстан Ирактан алынып келген балдардын реинтеграциясы үчүн ЕККУдан колдоо сурады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Австрияга жасаган иш сапарынын алкагында 30-сентябрда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун башкы катчысы Хелга Мария Шмидтке жолукту. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

Анда эл аралык коопсуздук, жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы күрөшүү, Ооганстандагы окуялардын Борбор Азиядагы коопсуздукка тийгизген таасири жана чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды колдоо тууралуу сөз болгон.

Казакбаев өкмөттүн Ирактан кыргыз жарандарынын балдарын кайтарганы тууралуу маалымат берип, репатриация жана реинтеграция боюнча мындан аркы иштерди жүргүзүүдө ЕККУдан колдоо сурады.

Быйыл март айында 79 кыргызстандык бала "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен кайтарылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. "Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Жакында эле Эл аралык кызыл чырым комитети ("Красный крест") Сириядагы Кыргызстандын жарандарын, балдарды алып келүүгө көмөктөшө турганы кабарланган. Бул маселе тышкы иштер министри Руслан Казакбаев баш болгон делегация аталган комитеттин президенти Питер Мауэр менен жолугушкан учурда көтөрүлгөн.

Кыргыз өкмөтү Сириядагы балдарды алып келүүгө 2019-жылдан тарта аракет кыла баштаган. Ошол кездеги тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков бийлик Сириянын өкмөтү менен кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кабарлаган. Ага ылайык, өкмөттө Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтаруу боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Бирок Сириядан жарандарды алып келүү кечеңдеп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG