Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:30

"Газпром" Венгрияга Украина аркылуу газ берүүнү токтотту


Сербия менен чек арага жакын жердеги газ түтүктөрү. Венгрия. Иллюстрациялык сүрөт.
Сербия менен чек арага жакын жердеги газ түтүктөрү. Венгрия. Иллюстрациялык сүрөт.

1-октябрдан тартып Орусиянын "Газпром" ишканасы Венгрияга көгүлтүр отту жаңы келишимге ылайык - Украинаны кыйгап өтүүчү "Түрк агымы" газ кууру аркылуу бере баштайт. Бул келишимдин мөөнөтү 15 жыл.

Венгрия менен Орусиянын ортосундагы келишимди Украина сынга алды. Украинанын энергетика тармагынын өкүлү Сергей Макагон Орусия Европага газ багытын "монполия кылып, аны саясий максатта пайдаланып жатат" деп айыптады. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну четке кагып, Орусия болгону келишимди гана аткарып жатканын айтты

Европада газдын биржадагы баасы сентябрдын аягында болуп көрбөгөндөй өстү. Бир кубометр көгүлтүр оттун баасы миң долларды чапчыды. Жыл башынан бери баалар төрт эсе кымбаттады.

Баалардын кескин өсүшүнө 2020-жылдагы суук кыш жана жайкы катуу ысык себеп экени айтылууда. Евробиримдикте жана Британияда энергетикалык кризис акыркы он жылдагы жогорку чекке жеткени кабарланды.

Москва баалар Балтика деңизинин түбү аркылуу өтүүчү "Түндүк агымы -2" газ кууру ишке киргенден тарта калыбына келерин билдирүүдө. Бул газ кууру курулуп бүткөнү менен ишке кире элек. Маалыматка ылайык, 8-сентябрда башталган сертификация жараяны төрт айга созулушу мүмкүн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG