Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:02

Тышкы иштер министри Казакбаев МАГАТЭнин башчысы менен жолукту


Руслан Казакбаев жана Рафаэл Гросси. Вена. 1-октябрь, 2021-жыл.
Руслан Казакбаев жана Рафаэл Гросси. Вена. 1-октябрь, 2021-жыл.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 1-октябрда Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) башчысы Рафаэл Мариано Гросси менен жолугушту. Анда тараптар Кыргызстандагы иштеп жаткан долбоорлор тууралуу талкуулашты. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Казакбаев Кыргызстандагы уран калдыктарынын объекттерин рекультивациялоо келишимдери боюнча МАГАТЭнин башчысына кабарлады. Министр мындан тышкары брахитерапия, нур терапия жана ядролук медицинанын техникалык кызматташтык долбоорлорун ишке ашырууну тездетүүнү өтүндү. Кыргызстан "ЗОДИАК" демилгесине кызыкдар экенин билдирди.

ЗОДИАК - зооноздук ооруларды аныктоого жана көзөмөлдөөгө, өлкөлөрдөгү жаңы пайда болгон патогендерге каршы күрөшүүгө болгон даярдыгын жогорулатууга багытталган демилге.

МАГАТЭнин башкы директору Рафаэл Гросси эки тараптуу өз ара кызматташтыктын активдүүлүгүн белгиледи. Гросси МАГАТЭ мындан ары да Кыргызстандагы пландалган жана ишке ашырылып жаткан долбоорлорду колдой турганын билдирди.

Кыргызстан уюмга 2003-жылы МАГАТЭнин Башкы конференциясынын 47-сессиясында 137-мүчөсү болгон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG