Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 00:19

Грузияда шаар башчыларын жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо жүрүп жатат


Тбилисинин мэрин шайлоого добуш берүү. Грузия. 2-октябрь, 2021-жыл.

Шайлоочулар 64 шаардык мэрге талапкерге жана жергиликтүү кеңештердин 2100 мүчөсүнө добуш берүүдө. Грузиянын борбору Тбилисиде калаа башчылыгына 16 талапкер күч сынашып жатат.

Грузиядагы шайлоо былтыр "Грузия кыялы" партиясы шайлоодо утуп чыккандан кийинки саясий кризис убагында өтүп жатат. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

2-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча Тбилисиде митинг өтөрү кабарланган. Аны утурлай өлкөгө келген мурдагы президент Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган. Рустав абагына жеткирилген Саакашвили каршылык иретинде ачкачылык жарыялаганы маалым болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG