Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:05

Ташкенттеги Романовдор сарайы оңдолот


Ташкентте князь Николай Романов курдурган сарай.
Ташкентте князь Николай Романов курдурган сарай.

Орусия Түркстан аймагын басып алган соң ак падышанын иниси үчүн Ташкентте курулган Романовдор сарайын оңдоо үчүн мамлекеттик казынадан каражат бөлүнөт. “Газета.уз” басылмасынын жазышынча, бул тууралуу маданиятка байланыштуу уюштурулган республикалык жыйында чечим кабыл алынган.

Эки кабаттуу имарат ондолгон соң Өзбекстандын көркөм-сүрөт музейинде турган беш жүздөн ашуун экспонат коюлат.

Бул имаратты кооздоп турган мармар жана коло айкелдерден тышкары ага эми 120 көркөм-сүрөт эмгеги, 75 айкел жана 20дан ашуун эмерек кайтарылат.

“Романовдор сарайын оңдоо жаштарга өз шаарынын тарыхына кызыгуусун арттырып, алардын көңүлүн маданиятка бурат ” – деп маалымат жыйынында Өзбекстандын туризм жана спорт министри Азиз Абдухакимов билдирди.

Бул имарат 1891-жылы белгилүү архитекторлор Александр Бенуа жана Вильгельм Гейнцельмандын долбоору менен курулган.

1981-жылы өлгөн Николай Романов Орусиянын падышасы Николай I небереси жана император Александр II иниси болгон. Ал өзүнүн бул үйүн кийин Ташкентте музей ачуу шарты менен шаар тургундарына белек кылган.

1940-1970-жылдары имарат “Пионерлер үйү” катары колдонулса, 1980-жылдан тарта Өзбекстандын тарыхый экспонаттарынын жана зер буюмдарынын музейи ачылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG