Ички иштер министри Улан Ниязбеков коомдук тартипти сактоо боюнча онлайн кеңешме өткөрүп, алдыдагы шайлоодо милиция кызматкерлерине саясатка аралашпоону тапшырды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы маалымдады.
“Министр Улан Ниязбеков бир дагы милиция кызматкери саясатка аралашпай, ар бир кызматтын өзүнө жүктөлгөн мыйзамдуу милдеттеринин чегинде гана элдин коопсуздугун, коомдун тынчтыгын сактоо боюнча жүктөлгөн тапшырмаларды так аткарууну тапшырды”, - деп айтылат мекеменин билдирүүсүндө.
Буга чейин президент Садыр Жапаров Фейсбуктагы баракчасында мындан ары бардык шайлоо таза өтөрүн, административдик ресурс колдонулбай турганын белгилеген.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.
Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (TSh)