Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

COVID-19: Бишкекте №67 гимназия мектеби карантинге жабылды


Мектептерди дезинфекциялоо иши. 2020-жыл.
Мектептерди дезинфекциялоо иши. 2020-жыл.

Бишкектеги № 67 гимназия мектебинин окуучуларынын арасынан COVID-19 табылгандан улам аталган билим берүү мекемеси толугу менен карантинге жабылды. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Коронавирусту жайылтпоо максатында шаардагы мектептерде бул оору аныкталса, Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору бекиткен алгоритмге ылайык карантинге жабылары маалымдалган.

8-октябрга карата Бишкек шаарында 45 адамдан оору жаңы аныкталды.

Республикалык ыкчам штаб билдиргендей акыркы суткада өлкөдөгү эмдөө түйүндөрүндө, медициналык мекемелерде коронавируска каршы 10 614 адам эмделди. Алардын 4565и вакцинанын 1-дозасын, 6049 киши экинчи дозасын алды. Ушу күнгө чейин өлкө боюнча вакцинанын биринчи дозасын алгандар 857 969 кишиге жетсе, экинчи дозасын алгандар 649 971 адам болду.

Кыргызстанда билим берүү мекемелери 15-сентябрдан тарта толук ачылган. 2020-жылдын март айында өлкөдө COVID-19 вирусу алгач аныкталганда бала бакча, мектеп, окуу жайлардын баары аралыктан окутууга өткөн. (JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG