Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:38

Чек ара жаңжалында жабыркагандар бир катар салыктардан бошотулду


Министрлер кабинети Баткен облусунда 2021-жылдын 28-апрелинен 1-майга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы чырда жабыркаган салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө чечим кабыл алды.

Ага ылайык 2021-жылдын 1-апрелинен 31-декабрына чейин чек арадагы окуялардын кесепетинен жабыркаган, кенди кайра иштетүү, кен казуу, акциздик товар өндүрүү, мунай өндүрүмдөрүн сатуу багытындагы ишкерлер киреше, пайда, кошумча нарк, сатуу салыктарынан бошотулат.

Милдеттүү жана ыктыярдуу патенттик негиздеги салыктар менен кошо бирдиктүү салыкты да төлөшпөйт. Социалдык камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карызды кийинки мөөнөткө жылдыруу атайын арыздын негизинде узартылат. Салык төлөмүн кечиктирүүгө байланыштуу туумдар чегерилбейт.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-октябрда кабарлады.

Чек арадагы кагылышуудан жабыр тарткан ишкерлердин тизмесин тактоону жергиликтүү бийлик ишке ашырышы керек.

Сентябрь айына чейин кыргыз-тажик чек арасында чыккан куралдуу жаңжалдан жабыр тарткан Баткен жана Лейлек районундагы 53 ишкерге мамлекет 200 миң сомдон каржылык колдоо көрсөттү.

Андан тышкары үч жылдык мөөнөткө 0,1 % менен 200 миң сомдон ссуда берилүүдө. Чек ара жаңжалында дүкөндөрү өрттөлгөн, тонолгон ишкерлер миллиондогон сом чыгым тартканын, мамлекет берген жардам чыгымды жаппай турганын айтышууда.

Буга чейин кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда жабыр тарткан Баткен жана Лейлек районундагы ишкерлерге мамлекет тарабынан каржылык жардам берилип бүткөнү кабарланган. Лейлек районундагы 51, Баткен районундагы 2 ишкерге 200 миң сомдон, үч жылдык мөөнөткө 200 миң сомдон ссуда берилген.

Быйыл 28-30-апрелде жана 1-майда Баткендеги кандуу кагылышта талкаланып, күйүп кеткен үйлөр түрк өкмөтүнүн эсебинен калыбына келтирилген.

Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон. Турак жайлар, социалдык объектилер өрттөлүп, талкаланып, жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бири-бирин айыптап, кылмыш ишин козгогон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG