Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

Шереметьеводон бир кыргызстандык өткөрүлгөн жок


Москвадагы Шереметьево аба майданы.
Москвадагы Шереметьево аба майданы.

7-октябрда Бишкектен Москвага учуп барган аба каттамындагы кыргызстандыктар Шереметьево аба майданында текшерүүгө алынган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин юристтери аэропортко барып, атуулдарга укуктук жардам көрсөткөн.

Болжол менен жүздөй адамдын документи 7-октябрда конгон убакыттан тарта кечке чейин тыкыр текшерилгенден кийин алар Орусиянын чек арасынан өткөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" элчиликтин басма сөз кызматы кабарлады.

"Бул күнү Шереметьевого Кыргызстандан үч каттам ишке ашып, акыркысы Москва убактысы боюнча 09:42де конгон. Анын жүргүнчүлөрү тыкыр текшерүүдөн кийин Орусияга киришти. Арасында Орусияга кирүүгө тыюу салынган бир адам бар экен. Ал Кыргызстанга депортация болот", - деп билдирди элчилик.

Чет өлкөлүк жарандардын Орусияга келишине карата күчөтүлгөн текшерүү чараларына Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдүн жарандары да кабылган.

Орусияда быйыл 15-июнда президент Владимир Путин “коронавирустун алдын алуу үчүн чет өлкөлүк жарандардын жана Орусиянын жарандыгы жок адамдардын абалын жөнгө салуу боюнча” жарлыкка кол койгон.

Ага ылайык, 30-сентябрда Орусиянын аймагында жүргөн башка өлкөнүн атуулдарына карата “миграциялык жеңилдиктердин” мөөнөтү аяктамак. Министрлик ага чейин миграциялык каттоо, эмгек келишимин түзүү, аны расмий каттатуу сыяктуу иш-чараларды толук бүтүрүү зарыл экенин эскерткен.

Мындай документтер толук болбогон шартта миграциялык кызмат, полиция айып салат же Орусиянын аймагынан чыгаруу чечимин кабыл алат.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 600 миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте алардын саны 1 миллиондон ашуун экени айтылып келет. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG