Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Грузияда Саакашвилинин тарапташтары кармалды


Грузия. Мурдагы президент Саакашвили кармалган учур. 1-октябрь, 2021-жыл.
Грузия. Мурдагы президент Саакашвили кармалган учур. 1-октябрь, 2021-жыл.

Грузин полициясы 8-октябрда Михаил Саакашвили камалган тергөө абагынын алдына каршылык акциясына чыккан тарапташтарын кармады.

Акцияга чыккан ондогон адам Рустави шаарындагы тергөө абагынын дубалына “Мишага боштондук” деп жазууга аракет жасашты. Бул учурда кырдаалга байкоо салып турган полиция кызматкерлери акциянын катышуучуларын кармап, аларды коомдук тартипти бузганы үчүн камакка алганы кабарланды.

Кармалгандардын арасында белгилүү оппозициячыл активист Звиад Куправа да бар.

Мурдагы президент Михаил Саакашвили сегиз жылдан бери биринчи жолу Грузияга кайтып барган. Ал 1-октябрда кармалып, Руставидеги түрмөгө камакка алынган.

Полиция ага мурун козголгон кылмыш иштеринин негизинде айып тагып, сот тергөө бүткөнгө чейин камакка алуу боюнча бөгөт чарасын тандады.

Саакашвили 2018-жылы Украинада жашап жүргөн учурунда грузин соту тарабынан сыртынан соттолгон.

Өткөн айда мурдагы президент Саакашвили 2-октябрдагы жергиликтүү шайлоого барарын жарыялап, түрмөгө камалуу коркунучуна карабай, “өлкөнү сактап калуу үчүн” Грузияга келерин айткан.

Саакашвили кармалганына нааразылык билдирип, ачкачылык жарыялаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG