Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2022 шейшемби, Бишкек убактысы 01:27

АКШ Кытай коркунучуна каршы туруу үчүн борбор түзөт


Уильям Бёрнс. Борбордук чалгын кызматынын башчысы

Американын Борбордук чалгын башкармалыгы “Кытай боюнча операциялар борбору” деген жаңы бөлүктү түзүү чечимин кабыл алды. Ал Кытай бийлиги тарабынан келчү коркунучтарга жана чакырыктарга каршы туруу жана токтотуу менен алектенет.

Бул тууралуу Борбордук чалгын кызматынын башчысы Уильям Бёрнс билдирди.

"Кытай боюнча операциялар борбору" Бээжиндин глобалдык чакырыктарына жооп катары негизделди. Ал атайын кызматтардын ишинин бардык багыттарын ичине камтыйт" - деп жазылган Борбордук чалгын башкармалыгы тараткан учкай маалыматта.

Мындан сырткары ЦРУнун билдирүүсүндө Кытай 21-кылымдагы АКШнын эң башкы геосаясий коркунучу экени аталып, Борбордук чалгын башкармалыгы Кытай элине эмес, анын коммунисттик өкмөтүнүн зыянкеч саясатына каршы турары белгиленди.

Былтыр АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын администрациясы Кытайда уйгур, казак жана кыргыз сыяктуу мусулман азчылыгын куугунтуктоону диний-этникалык “тазалоого” багытталган “кыргын” катары баалаган.

Вашингтон Бээжинди өнөр-жай тыңчылыгына жана демократияга кол салуу аракети үчүн айыптаган. Бээжин мындай айыптоолорду четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG