Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

БУУнун Адам укугу кеңеши Ооганстан боюнча чабарман дайындайт  


Мишел Бачелет. БУУнун адам укугу боюнча Жогорку комиссары.
Мишел Бачелет. БУУнун адам укугу боюнча Жогорку комиссары.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укугу боюнча кеңеши Ооганстанда талибдер же башка топтор тарабынан жасалган кыянатчылыктарды иликтөө боюнча атайын чабарман дайындай турганы белгилүү болду.

Евробиримдик сунуштаган резолюцияга 7-октябрда 28 өлкө добуш берди. Ал эми Кытай, Пакистан жана Орусия баш болгон беш мамлекет каршы чыкты.

Женевада жайгашкан БУУнун Адам укугу боюнча кеңешине кирген 47 өлкөнүн 14 мүчөсү калыс добуш берди.

Евробиримдиктин резолюциясында атайын баяндамачы 2022-жылы мартта ишин баштап, ага БУУнун адам укугу тармагы боюнча координация жана анализ жасаган эксперттерин киргизүү сунушталды.

БУУнун адам укугу боюнча Жогорку комиссары Мишел Бачелетке келе жаткан мартка чейин Ооганстандагы адам укугунун абалы боюнча кырдаалга байкоо жүргүзүү тапшырылды. Айрыкча, азыр кескин сынга алынып жаткан аялдардын, кыздардын билим алууга жана иштөөгө болгон укугунун сакталышы боюнча абалга көңүл буруу сунушталды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG