Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Ошто кыргызстандык жана өзбекстандык сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү өтүүдө


Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири.
Көргөзмөгө коюлган сүрөттөрдүн бири.

Ош шаарында кыргызстандык жана өзбекстандык сүрөтчүлөр кошмо көргөзмө уюштурушту. Тургунбай Садыков атындагы облустук көркөм сүрөт музейинин арт-резиденциясында 6-октябрда башталган иш-чара 10-октябрга чейин уланат.

Катышуучулар жана эксперттер Борбор Азияда көркөм сүрөт өнөрүн өркүндөтүү жана бул жааттагы ымаланы күчтөнтүүнү талкуулашты.

"Сорос-Кыргызстан" фондунун көмөгү менен уюштурулган көргөзмөнү "Аманат өмүр" коомдук фонду ишке ашырууда.

Өзбекстан соңку жылдары Кыргызстан менен маданий алакасын да жандантты. 13-сентябрда Оштогу Бабур атындагы өзбек академиялык театрынын имаратын өзбек тарап реконструкция кыла баштаган. Буга Ташкент 5 миллион доллар бөлгөн.

Борбор Азиядагы эң байыркы театрлардын бири саналган Бабур театрынын ишмердигине 2021-жылы 103 жыл болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG