Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:40

Коронавирустан дагы эки бейтап көз жумду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

9-октябрга карата Кыргызстанда дагы 66 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Мурда оору жуккандардын арасынан эки киши көз жумду.

COVID-19га каршы Республикалык штабдан кабарлашкандай, вирус жаңы аныкталгандардын 39у Бишкек шаарында.

2020-жылдын март айынан бери коронавирус менен расмий түрдө катталгандардын саны 179 миңден ашты, алардын 2600дөн көбү каза болду.

9-октябрга карата коронавируска каршы вакцина алгандар 1 миллион 500 миңден ашты. Алардын 865 миңден көбү биринчи дозаны, 653 миңден ашууну эки дозаны тең сайдырышты.

Өлкөнүн калкы 6,5 миллионду түзөт. Медиктердин эсебинде 18 жаштан өткөн 3,4 миллион адам эмдөөдөн өтүшү керек. Алардын 2,4 миллиону, башкача айтканда, 70 пайызы вакцина алса, өлкөдө жамааттык иммунитет калыптанары айтылган.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун эсебинде жер жүзүндө бул ооруга кабылгандардын эсеби 235 миллион 700 миңге жакындады. Алардын 5 миллионго жакыны көз жумду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG