Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Салык кызматына Алтынбек Абдувапов төрага болуп дайындалды


Алтынбек Абдувапов.
Алтынбек Абдувапов.

Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп Алтынбек Абдувапов дайындалды.

Тийиштүү буйрукту Министрлер кабинетинин төрагасы - Президенттик администрациянын башчысы Акылбек Жапаров 15-октябрда чыгарды. Расмий кабарга ылайык, Жапаров жаңы төраганы жамаатка ушул күнү тааныштырды.

Абдувапов салык тармагында 2011-жылдан бери иштейт. Буга чейин Мамлекеттик салык кызматынын жетекчисинин орунбасары болгон.

Мурдагы төрага Илияз Иманбетов кызматтан бошотулуп, финансы министринин биринчи орунбасарлыгына дайындалды.

Мамлекеттик салык кызматы Финансы министрлигинин алдындагы мекеме болуп саналат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG