Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:33

Коопсуздук кеңешинин катчысы Кытайдын өкүлү менен коопсуздук маселесин талкуулады


Кыргызстан менен Кытайдын байрактары.
Кыргызстан менен Кытайдын байрактары.

Кыргызстан коопсуздук жаатында Кытай менен кызматташтыкты өнүктүрөт. 15-октябрда Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин тышкы коопсуздук маселелери боюнча атайын өкүлү Чэн Гопин менен ушул маселени талкуулады.

Кыргызстандын Президенттик администрациясы тараткан расмий кабарга ылайык, аймактык коопсуздукту камсыздоодо кызматташтыкты өнүктүрүү маселесине көңүл бурулду.

Видео конференция форматында жолугушууда Ооганстандагы жагдайга көңүл бурулуп, терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы күрөш, киберкоопсуздук жаатындагы кызматташтык боюнча пикир алмашуу болду. Сүйлөшүүнүн чоо-жайы тууралуу кеңири маалымат бериле элек.

Мурдараак Орусиянын президенти Владимир Путин Ооганстандагы "Ислам мамлекети" террордук тобу өз таасирин Борбор Азияга жайылтууну көздөп турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG