Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Акылбек Жапаров Президенттик администрациянын түзүмү кайра карала турганын билдирди


Президенттик администрациянын кызматкерлери Акылбек Жапаров менен жыйын учурунда. 16-октябрь, 2021-жыл
Президенттик администрациянын кызматкерлери Акылбек Жапаров менен жыйын учурунда. 16-октябрь, 2021-жыл

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров кол астындагы кызматкерлери менен жумушчу кеңешме өткөрдү.

Министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланган маалыматка ылайык, Жапаров "жоопкерчиликтүү милдеттерди эффективдүү чече турган жогорку деңгээлдеги кесипкөй адистерден турган мобилдүү жана ишке жөндөмдүү Президенттин администрациясын түзүүгө мезгил жеткенин" белгилеген.

"Мен мамлекеттик кызматтын бардык тепкичтерин басып өткөм жана буга чейин президенттин жана өкмөттүн администрациясында иш кандай жүргүзүлгөнүн билем. Иш процессин уюштуруу принциптерин ыкчам жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алуу максатында толугу менен карап чыгуу зарыл. Бир дагы документ президенттин администрациясында «кептелип» калбашы керек", – деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Жеке булактар Президенттик администрацияда төрт ири башкармалык түзүлөрүн, ал эми бөлүмдөр алардын ичинде болорун билдиришти.

Президент Садыр Жапаров 13-октябрда кол койгон жарлыкка ылайык, Акылбек Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы — Президенттин администрациясынын жетекчиси болуп дайындалган.

11-октябрда Садыр Жапаров Министрлер кабинети жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, Министрлер кабинетинин аппараты менен Президенттик администрациянын аппараты бириктирилген. Бул мыйзамдарды Конституцияга шайкеш келтирүү максатында жасалууда. 2010-жылдан бери парламенттик башкарууда болуп келген Кыргызстан быйыл 5-октябрдан тарта толук президенттик башкарууга өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG