Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

NASA Юпитердин троя астероиддерин изилдөөгө "Люси" зондун учурду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

АКШнын космостук агенттиги - NASA ишемби күнү "Люси" зондун учурду. Анын милдети - Юпитердин троя астероиддерин изилдөө. Зонд 2027-жылы дарегине жетиши керек. Бул - тарыхтагы алгачкы миссия.

Троя астероиддери Юпитерди айланып жүргөн майда астероиддердин тобу. Эң чоңунун диаметри болжол менен 225 км.

Аларга мындай аталыш Гомердин Троя согушу жөнүндөгү "Илиада" поэмасындагы баатырлардын урматына берилген.

"Люси" 2027-жылдан 2033-жылга чейин Юпитердин алты троя астероидин изилдейт деп күтүлүүдө. Илимпоздор бул болжол менен 4,5 миллиард жыл мурун Күн системасынын планеталарынын пайда болуу моделдерин, балким Жерде жашоонун пайда болушун түшүнүүгө жардам берет деп ишенишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG