Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:43

YouTube порталы Eurasianet агенттигинин каналын жапты


YouTube хостинги белгилүү Eurasianet басылмасына тиешелүү каналды жапты. Мурдараак Түркмөнстандын мамлекеттик маалымат каражаттары автордук укук бузулганы жөнүндө арызданганы кабарланган.

Америкалык Eurasianet басылмасы Борбор Азия, Кавказ жана Орусиядагы окуяларды чагылдырат. Аталган сайттын маалыматына караганда, Google компаниясына таандык YouTube платформасы соңку апталарда бир канча эскертүү жиберип, анын артынан каналды биротоло бөгөттөп койгон.

YouTube автордук укуктар бузулганы тууралуу арыздарды Түркмөнстандын телекөрсөтүү, радио жана кинематография мамлекеттик комитетине таандык Watan Habarlary телеканалы жөнөткөнүн билдирген.

Eurasianet басылмасынын башкы редактору Дэвид Триллинг каналды бөгөттөөгө байланышкан чечимдин үстүнөн даттануу үчүн YouTube кызматкерлерине байланыша албай жатканын айтты. Ал англис жана орус тилдеринде макала-баяндарды жарыялап келген Eurasianet сайты жана YouTube каналы эчак эле Түркмөнстанда ачылбай турганын кошумчалады.

Триллингдин айтымында, басылманын YouTube каналына миңдеген адам жазылган. Каналда Түркмөнстандын мамлекеттик телеканалынын түнкү жаңылыктарынан алынган кыска сюжеттер бөлүшүлгөн. Басылма видеолорду жүктөгөндө тийиштүү эрежелер сакталганын жүйө келтирүүдө.

Eurasianet басылмасы YouTube хостингинин ордуна Vimeo платформасына өтүүнү пландап жатат.

"Азаттыктын" түркмөн кызматы бул жаатта Түркмөнстандын АКШдагы элчилигине жана YouTube порталынын электрондук дарегине жазган катына азырынча жооп ала элек.

Буга чейин түркмөн оппозициясынын "Хроника Туркменистана" басылмасынын Австриядан туруп иштеткен каналын дагы YouTube бөгөттөп койгон. Буга да Түркмөнстандын мамлекеттик басылмаларынын арызы негиз болгон.

Дүйнөдөгү эң жабык мамлекет саналган Түркмөнстанда бардык маалымат каражаттарын бийлик көзөмөлдөйт. Интернетке да кескин чектөөлөр коюлган. Мамлекеттик каналдар жана басылмалар негизинен президент Гурбангулы Бердымухамедов жөнүндө контент даярдайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG